Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк. Бишкек мэриясы бир катар иш-чараларды өткөрдү

Коом

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы тарабынан “Гендердин зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер” акциясынын алкагында иш-чаралар планы иштелип чыккан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн “Аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо” темасында тегерек столдор, экскурсиялар, маалыматтык лекциялар жана өзүн-өзү коргоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

“Калктын маалымдуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча массалык маалымат каражаттары менен бир топ иштер аткарылды. Ошондой эле, мектептерде “Мыкаачылык фактыларды жашырбоо” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү”, - деди ал.

Ошондой эле вице-мэр КР балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чыңбаеванын колдоосу менен мектептердин социалдык педагогдору үчүн адискөйлүктү көтөрүүчү курстар уюштурулганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 23-ноябрда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КРнын гендердин өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында “Коркпо! Токтот! Жаша!” урааны менен гендердин зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын башталганын жарыялаган.