Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы Бишкек шаарынын Лермонтов көчөсүндөгү газ өткөргүчүндө пландалган ремонт иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, 12-апрелден 31-майга чейин Лермонтов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Салиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.