Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" газ кызматы маалымдагандай, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 22-24-июль күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Тоголок Молдо көчөсү, Фере, Саадаева, Ак-Тилек, КЧК, Керченский чолок көчөсү, Кара жыгач багы, ЧЧК, Щербаков көчөсү.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.