Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Галина Жумабековна Байтерек Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.