Исаева Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Исаева Гүлназ Коңурбаевна Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.