• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Гүлнара-Клара Самат ишин айкалыштыруу менен КРнын Армениядагы элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат ишин айкалыштыруу боюнча Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Пикир

Оставить комментарий