Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Гүлнара Баатырова мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.