Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Сауд Аравиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Спорт

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Сауд Аравиянын курамасы менен эки жолу жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Оюндар 3-5-февраль күндөрү Сауд Аравиянын Даммам шаарында өтөт.

Беттешке даярдык 26-январдан 2-февралга чейин Бишкек шаарында жүргүзүлөт.

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчулары:

Дарбазачы: Кирилл Ермолов, Бекболот Акматалиев, Айдос Жоодарбек уулу.

Футболчулар: Нурсултан Абдылдаев, Манас Абдрасул уулу, Максат Алимов, Юлдашбай Салимбаев, Шохрух Махмадаминов, Мирлан Жолдубаев, Арстанбек Турсунов, Дилшат Кадыров, Улан Байгазы уулу, Кайрат Кубанычов, Саламат Мамбеталиев, Азат Исабеков, Ильяс Чотбаев, Данияр Ашымалиев.