Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Франциянын өкмөтү Кыргызстанга Pfizer компаниясынын COVID-19га каршы 20 миң 160 дозасын берди.
КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул эмделген калк үчүн бустердик доза берүүгө багытталган глобалдык COVAX демилгесинин бир бөлүгү.
Вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жаулмес, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс катышты.
Ишенапысова Франциянын өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө колдон келген жардамын көрсөтүп жаткан өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөргө Кыргызстандын калкынын эмдөөсүнө жана ден соолугун чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий