• 87.45
  • 99.28
  • 1.06

Финансы министрлиги: Ишкерлерге 8 млрд сом пайызсыз насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 10 миң 949 ишкер пайызсыз насыя алды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын 1-ноябрына карата пайызсыз насыянын жалпы 8 млрд 20 млн 311 миң 016 сомду түздү. Анын ичинен:

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 323 ишкерге 5 млрд 523 млн 53 миң 916 сом берилген.
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 миң 626 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 497 млн 257 миң 100 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий