Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 91-сапта калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады.
ФИФАнын жаңыланган тизмеси бүгүн, 20-декабрда жарыяланган.
Биздин 2019-жылдагы Азия кубогундагы каршылаштарыбыз Түштүк Корея 53-орун, Кытай – 76, Филиппин 116-сапта турат.
Ал эми алдыңкы он кураманын катарына Бельгия (1), Франция (2), Бразилия (3), Хорватия (4), Англия (5), Португалия (6), Уругвай (7), Швейцария (8), Испания (9), Дания (10) кирген.