Фаррух Закиров Атамбаевдин “Кыргызстаным” деген ырын аткарды

Маданият


Бишкек, 12.10.17. /Айжамал дуйшоева - Кабар/. Белгилүү ырчы жана композитор, “Ялла” тобунун негиздөөчүсү Фаррух Закиров Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызстаным” аттуу ырын аткарды.

Фаррух Закиров – советтик жана өзбек ырчысы, актер жана композитор. “Ялла” вокалдык-аспаптык ансамблинин көркөм жетекчиси (1976-жылдан тарта). Өзбек ССРинин, ошондой эле дагы беш мурдагы Советтик өлкөлөрдүн Эл артисти. 2002-жылдын майынан 2004-жылдын июлуна чейин – Өзбекстан Республикасынын маданият министринин орун басары, андан соң - министр.

Эскерте кетсек, “Кыргызстаным” – президент Алмазбек Атамбаевдин бешинчи ыры. Бул президенттин кыргыз тилиндеги биринчи ыры. Буга чейин “Нелепые слова”, “Судьбе назло”, “Я не могу без тебя жить”, “Мне не страшно умирать” ырлары жарыяланган.