Евро-2020: Испаниянын курамасы Хорватияны жеңип, чейрек финалга чыкты

Спорт

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Европанын чемпионатынын 1/8 финалында Испаниянын курамасы Хорватиянын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазат.

Беттеш 5:3 эсебинде Испаниянын утушу менен аяктады. Беттештин 20-мүнөтүндө испаниялык Педри өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды. Оюндун аягына чейин Испаниянын курамасы 5 гол жаратканга жетишти. Акыркы убакыттарда гана хорватиялык Мислав Оршич жана Марио Пашалич өзүнүн командасына эки гол алып келди.

Эскерте кетсек, Испаниянын курамасы чейрек финалда Швейцария менен оюн талаасына чыгат.