Эстония «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө ниеттенүүдө

Саясат

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Эстония Республикасына алгачкы расмий сапарынын алкагында Эстониянын Рийгикогу (Парламент) спикери Э.Нестор жана «Кыргызстан-Эстония» Парламенттик достук тобунун төрагасы Д.Бородич менен жолугушуусу болду.

Тараптар парламенттер аралык кызматташуу тармагында эки жактуу мамилелерди бекемдөө маселелерин талкуулашты. «Кыргызстан-Эстония» достук тобунун мүчөлөрүнүн жигердүү кызматташуусуна жакшы баа берилди.

Көп жактуу кызматташуунун алкагында кыргыз тарап КРнын ЕБ багыты боюнча иштелип жаткан долбоордук демилгелерине 2017-жылдын экинчи жарымынан тартып Эстониянын ЕБде төрагалык кылуусун эске алуу менен эстон тараптын колдоосуна ээ болду.

Эстониянын парламент өкүлдөрү “Таза Коом” улуттук долбоорун ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө ниеттенүүдө.