Эсептөө палатасы: БШК шайлоолордо үнөмдөлгөн каражатты бюджетке кайтарган

Коом

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. КР Эсептөө палатасы 2020-2022-жылдарга карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү.

Ведомстводон билдиришкендей, анын жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:

► 2020-жылдын апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо чыгымдар сметалык эсеп боюнча 56,8 млн сомду түзсө, анын 27,7 млн ​​сому иш жүзүндө пайдаланылган.

► 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 437,7 млн сом пландалып, 420 млн сому сарпталган.

► 2021-жылдын январында КР президентин кезексиз шайлоону өткөрүүдө чыгымдар сметалык эсеп боюнча 676,1 млн сомду түзүп, анын 464,1 млн сому сарпталган.

Белгилей кетсек, пайдаланылбай калган каражаттар республикалык бюджетке кайтарылган.