Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу токтойт

Коом

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу токтойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жай мезгилине даярдануу максатында “Батыш-2” суу алуучу жайында жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, 15-апрелде саат 09:00дөн кечки 21:00гө чейин Жибек- Жолу, Манас проспектилери, темир жол линиясы жана Ала-Арча дарыясы менен чектелген аймакта ичүүчү суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт, анын ичинде: М.Ганди бульвары Баялинов көчөсүнө чейин; Журнал көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Күрөңкеев көчөсүнө чейин; Мичурин көчөсү; ошондой эле Ала-Арча дарыясынын квадратында, Осташковский, Москва көчөлөрүндө жана Ден Сяопин проспектисинде.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.