Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Мунициалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 17-майда саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү аймактарда ичүүчү сууну берүү токтотулат.

  • Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – 7-Апрель – Салиева көчөлөрү.
  • Фрунзе – Курманжан Датка – Шабдан Баатыр – Лермонтов көчөлөрү.
  • Лермонтов көчөсүнүн батыш тарабы Шабдан Баатыр проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.

Суу шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.