Бишкек, 08.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде 8-июлдан баштап талапка жооп берген балдар аянтчасы жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Шаар тургундары менен жолугушууга вице-мэр Татьяна Кузнецова, Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Мусабекова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Рыспай Аматов, Валентина Лисниченко келишти.
Маалыматка ылайык, келечекте Эркиндик бульварында дагы ушундай балдар аянтчасын куруу пландаштырылууда.