Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Сопоков Эркин Мамасалиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.