Эргешов КК Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 19.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Эргешов Талантбек Токтогулович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.