Бишкек, 05.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Ереванда 29 жаштагы кыргыз жараны 2-кабаттан өзүн таштаган. Бул тууралуу “Новости – Армения” агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык Наргиз Умарова өз жанына кол салуу максатында мындай кадамка күн мурун барган.
Билдирүүдө айтылгандай, котормочу жок болгондуктан полиция кызматкерлери аны менен сүйлөшө алышкан эмес.