Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү департаментинин башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушту.
КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 5-апрелде өтүп, анда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын бардык спектринин учурдагы абалын, аны мындан ары өнүктүрүүнүн кадамдарын талкуулашты.
Жолугушууда ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий байланыштарды активдештирүү, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлдеги пландалган иш сапарлардын жүрүшүндө кол коюу пландалып жаткан түрдүү тармактардагы келишим долбоорлорун илгерилетүү боюнча чараларды көрүүнү макулдашты.