Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен алдыдагы эмдөө тууралуу жекелештирилген билдирүү кызматын ишке киргизди.
Ведомстводон маалымдашкандай, кызматтын максаты – жарандарга Профилактикалык эмдөө календарынын алкагында адамдын жаш курагына жана сунушталган вакциналарга жараша эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы жөнүндө маалымат берүү.
Ошондой эле ата-энелер "Түндүк" тиркемеси аркылуу балдары да үчүн ушундай билдирүүлөрдү алышат. Билдирүүлөр жарандардын ден соолугуна жана балдарынын ден соолугуна кам көрүүнү эскертет. Жасалган эмдөөлөр Санариптик ден соолук профилиңизде көрсөтүлөт.
Эскертүү: Эгер балаңыздын санариптик ден соолук профили мобилдик тиркемеңизде көрүнбөсө, аны санариптештирүү үчүн арыз берсеңиз болот. Муну эки жол менен жасоого болот:
1. Онлайн:
— "Маалыматтар дал келбейт" дегенди басасыз;
— андан кийин "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк көрүнбөйт" дегенди тандайсыз;
— керектүү талааларды толтурасыз.
2. Оффлайн:
— туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен жакынкы калкты тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Кызмат жарандарга эмдөө жөнүндө өз убагында маанилүү маалыматты алууга жана заманбап санариптик чечимдерди колдонуу менен ден соолукту сактоого жардам берет.