Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Бишкектеги Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилери өзгөртүлдү, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.
Эми экинчи тилкеден солго бурулууга уруксат берилет: батыштан түндүккө, чыгыштан түштүккө жана түндүктөн чыгышка.
Белгилей кетсек, белгилер жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу максатында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан алмаштырылды.
Эми экинчи тилкеден солго бурулса болот. Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жол белгилери өзгөртүлдү
02/12/23 14:52 Коом