Бишкек, 19.01.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык тармактарда жалган маалымат тараган фактылар тууралуу билдирет.
Ведомстводон маалымдашкандай, мындай учурларда министрлик тарабынан зарыл болгон текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча түшүндүрмөлөр берилет.
"Жакында үй-жайсыз калган делген сегиз балалуу аял тууралуу маалымат тарады. Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгында үй-бүлө аз камсыз болгондордун каттоосунда турганы, ал эми балдарга 9 миң 600 сом өлчөмүндө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу каралганы аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөгө кайрымдуулук фонду тарабынан курулган муниципалдык имараттан турак жай бөлүнүп берилген", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик активисттерди, блогерлерди жана коомдук уюмдарды түшүндүрүү үчүн расмий булактарга кайрылууга чакырат.
Белгиленгендей, тактоо жана кошумча маалымат алуу үчүн жарандар министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.