Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кочкор районуна жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Базарбаев БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай менен биргеликте Кочкор районунун Кара-Саз айылында таза суу системасын куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө курулуш иштери үчүн Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык жактан муктаж болгон 32 адам тартылган.
Долбоордун катышуучулары сыйымдуулугу 100 тонна резервуарды, узундугу 280 метр тосмону жана узундугу 1200 метр ичүүчү суу түтүгүн курушту.