Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. «Электр станциялары» ишканасынын филиалдары күз-кыш мезгилине даярдыктарды улантууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, азыркы убакытта Таш-Көмүр ГЭСинде 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Т-2 блогунун трансформаторун утурумдук оңдоо иштери аяктап, ГА-2 генераторун утурумдук оңдоо иштери улантылууда.
Шамалды-Сай ГЭСинде бүгүн Т-1 блоктук трансформаторун утурумдук оңдоо иштери аяктады. Ушул жылдын 4-сентябрынан ГА-1 генераторун учурдагы оңдоо иштери уланууда.
Үч-Коргон ГЭСинде бүгүн ВЛ-110-Ш-Сайдагы ажыраткычты учурдагы оңдоо иштери аяктады.
Ошондой эле Энергертика министрлигинен ГА-1ди капиталдык оңдоо иштери уланып жатканын, ал ушул жылдын 19-августунда башталганын жана планга ылайык 2023-жылдын 24-сентябрында бүтөөрүн кошумчалашты.
ГЭСтин электр машиналарын жасоочу цехинин жана электр лабораториясынын кызматкерлери пландуу профилактикалык иштерди жургузүп жатышат.
Ведомстводон бардык оңдоо иштери белгиленген графиктер боюнча өз убагында жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.