Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн III Элдик курултайдын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жеринде өз ишин улантты.
Министр Абсаттар Сыргабаев баштаган ведомствонун өкүлдөрү өлкөнүн алыскы аймактарынан келген делегаттардын суроо-талабын угуп, экинчи күнү жол-транспорт тармагына байланыштуу 33 кайрылууну каттады.
Белгилей кетсек, курултайдын биринчи күнүндө 200дөн ашуун кайрылуу келип түшкөн.
Эскерте кетсек, быйылкы курултайга өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн 700гө жакын делегат келген.