Ош облусу менен Аль-Касым провинциясынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү пландалууда

Коом

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Аль-Касым провинциясынын губернатору ханзаада Файсал бин Мишаль Аль-Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, туризм жана ишкердик байланыштарды күчөтүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандын Ош облусу менен Саул Аравиясынын Аль-Касым провинциясынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, макулдашуунун долбоорун илгерилетүү боюнча тыгыз ишти улантууну макулдашты.

Соңунда элчи У.Марипов Ф.М.Аль-Саудду өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Маалымат үчүн: Аль-Касым провинциясы Сауд Аравиясынын 13 провинциясынын бири болуп, өлкөнүн негизги айыл чарба аймагы болуп саналат. Ал курма, буудай, жүзүм, лимон, апельсин, грейпфрут, анар жана түрдүү жашылчаларды өндүрүү менен белгилүү.