• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Элчи Өмүралиев Түркиянын Малатья шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Малатья шаарына болгон иш сапарынын алкагында аталган шаарда жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда элчи Өмүралиев кыргыз өкмөтү тарабынан Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары ишке ашырылган бир катар маселелерге кененирээк токтолду.

Тактап айтканда, Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашуу, ага ылайык мыйзамдуу иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эки өлкөнүн жарандары Кыргызстанда дагы, Түркияда дагы пенсия жана жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу, балдардын чет элдик паспортунун мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин узартылышы тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын элчиси ошондой эле мекендештердин суроолоруна жооп берди.

Малатья шаарында жашаган КР жарандарынын көпчүлүгү Инөнү атындагы университеттин студенттери экенин эске алып, элчи Өмүралиев жолугушууга университеттин ректору Ахмет Кызылайды чакырып, ал өз кезегинде, студенттерге көңүл бурарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий