Элчи Кадыркулов Румыния ТИМнин мамкатчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркуловдун Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Анна Тинкага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземи өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара видеоконференция форматында өттү.

Тараптар кыргыз-румын байланыштарын жогорку деңгээлде өнүктүрүүнүн оң динамикасын ырасташты.

Алар бүткүл спектр боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экендиктерин билдиришип, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн элчинин кызмат мөөнөтү боюнча иш планын талкуулашты.