Элчи Гүлнара-Клара Самат Россиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Саясат

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Ушул жылдын 8-июлунда кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндөгү кыргыз-россия кызматташтыгынын кеңири күн тартиби боюнча пикир алышты. Эл аралык, аймактык жана интеграциялык уюмдардын алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы туруу маселелери каралды.

Тараптар мындан ары КР президенти Садыр Жапаровдун Москва жана Сочи шаарларына жасаган иш - сапарларынан кийин жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди жумшоону жана эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы туруктуу саясий консультацияларды улантууну макулдашты.