Элчи Абдылдаев “Кыргызстан-Тажикстан” достук коомунун мүчөлөрү менен жолугушту

Коом

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун төрагасы Сайдулло Хайруллоев жана “Кыргызстан-Тажикстан” достук коомунун мүчөлөрү менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо элдик дипломатиянын механизмдерин колдонуу маселесин жана өз ара сапарларды, биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Элчи Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун базасында жаңы "Кыргызстан-Тажикстан" достук коому түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.