• 85.91
  • 93.34
  • 1.03

Эл өкүлдөрү 8-10-январда шайлоочулар менен иштейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январда шайлоочулар менен иштешет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, "Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтом долбоору кабыл алынды.

Ага ылайык, 2025-жылдын 8-январынан тартып 10-январын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий