Эл аралык туристтик көрмөзөсүндө Кыргызстандын туризм дарамети жөнүндө баяндама жасалды

Коом

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. 6-мартта "Travel Show Budapest 2022" эл аралык туристтик көрмөзөсүнүн алкагында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - туризм департаментинин директору Самат Шатманов "Борбордук Азиядагы туризмдин жаңы жолдору" аталышта HUNGEXPOнун өлкөлөрдү таанытуу аянтчасында Кыргызстандын туризм дарамети жөнүндө баяндама жасады. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.

Ошондой эле кыргыз-венгр элинин бир туугандык мамилеси түбөлүктүү жана түпкү тамыры бир экендигин белгиледи.

Кыргызстандын туризмге болгон артыкчылыгын белгилеп, көчмөндөрдүн оригиналдуу маданияты, кызыктуу каада-салттары, тоолору саякатчыларды суктандырарын билдирди. COVID-19 илдетине байланыштуу тиешелүү алгортимди кабыл алып, Кыргызстан биринчилерден чек араларын ачкандыгын жана 67 өлкөнү визасыз режимде кабыл алуусун, анын алкагында Венгрия мамлекети дагы визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айта кетти.