Чет өлкөдөгү кыргыз жарандарына эки жылда 5 миңден ашуун айдоочулук күбөлүк берилген

Коом

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Чет өлкөдөгү кыргыз жарандарына дээрлик эки жыл ичинде 5 миң 40 айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-январынан тартып 2023-жылдын 14-декабрына чейин чет өлкөлүк мекемелерге айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана жоготуу боюнча келип түшкөн арыздардын жалпы саны – 5 миң 480 түзсө, анын – 5 миң 386сы Россиядан келип түшкөн. Бул убакыт ичинде чет өлкөлүк мекемелер аркылуу 5 миң 40 айдоочулук күбөлүк берилген.

Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн мекендештерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы менен биргеликте 2022-жылдын 17-январынан тартып чет өлкөлөрдө жарандардан айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана жоготуу боюнча арыздарды кабыл алуу боюнча иш алып барууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү Россиянын бүткүл аймагында жарактуу.