• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Эки жашар кыз чуңкурга түшүп кетип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Токтогул шаарында эки жашар наристе кыз, даараткана үчүн казылган чуңкурга түшүп кетип, чыга албай калган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык, кечээ 10:30 чамасында болгон. 2015-жылы туулган наристе, короодо ойноп жатып, чуңкурга түшүп кеткен. Кыздын жансыз денесин окуя болгон жерге келген куткаруучулар алып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий