Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 20-декабрында саат 12:00дө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен “Улуу Кыргыз Ордо”, “Тайтебиш Эркүү чыңдоо” жана “Көйкашка” коомдук уюмдар биргелешип өткөрүп келген республикалык жаш манасчылардын кароо сынагы жыйынтыкталат. Иш- чара “Манас” жана Айтматов улуттук академиясында өтөт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынак аймактагы жаштарды Манас эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт.
Быйыл бул иш-чара он биринчи ирет өтүүдө.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын баардык аймактарынан жаш манасчылар үчүн аралыктан Манас айтуу сынак өткөрүлгөн болчу.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылат