• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Екатерина Заболотнова Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу – 2019" сынагына катышат

Маданият 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Екатерина Заболотнова Кыргызстандын атынан "Дүйнө сулуусу – 2019" сынагына катышат.

"Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясынын маалыматында, жыл сайын өтүүчү "Дүйнө сулуусу – 2019" конкурсу 14-декабрда Улуу Британиянын Лондон шаарында өтөт. Аталган конкурска 120 өлкөнүн сулуулары катышат.

"Дүйнө сулуусу" конкурсунун Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү "Кыргызстан сулуусу" дирекциясы менен биргеликте Екатерина Заболотнованы тандаган.

"Дүйнө сулуусу – 2019" конкурсунун негизги баскычы болуп катышуучулардын кайрымдуулук иштери. Заболотнова балдар үйүндөгүлөргө жардам аталышындагы теманы тандаган.

"Кыргызстан сулуусу" дирекциясы белгилегендей, акыркы 2 жылда Кыргызстан "Дүйнө сулуусу" сынагынан четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий