Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ала-Тоо» борбордук аянтында майрамдык салтанат болуп өттү - фоторепортаж

Президент

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта, «Ала-Тоо» борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгына арналган майрамдык программанын алдында куттуктоо сөзүн айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга, чет өлкөдө жүргөн ар бир жаранга, мекендештерге чың ден-соолук, ийгиликтерди, бактылуу жана бакубат жашоо каалады.
Ма млекет башчысынын сөзүнөн кийин артисттердин жана бий топторунун катышуусунда театрлаштырылган концерттик программа башталды. Анда өлкөнүн бардык облустары чагылдырылды.
Салтанаттын меймандары — Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаева, Өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү.
Майрамдык иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгектин каармандары, Оли мпиадалык медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери дагы катышышты.