Бишкек,16.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык, билим берүү, туризм тармактарында жана спортчуларды даярдоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Тараптар ошондой эле 2023-жылы Беларусь Республикасында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин II оюндарын өткөрүү жана ага кыргыз тараптын катышуу маселесин сүйлөштү.
Эдил Байсалов Беларустун спорт жана туризм министри менен кызматташтыкты талкуулады
16/03/23 09:39 Өкмөт