Эден Азар Бельгияда жылдын мыкты оюнчусу деп табылды

Спорт

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. "Реал" клубунун жарым коргоочусу Эден Азар Белгия өлкөсүндө жылдын мыкты оюнчусу деп аталды. Бул тууралуу футбол боюнча Бельгиянын курама командасынын Twitter баракчасында жазылат.

Быйылкы сезондо Азар Бельгиянын командасынын катарында 8 оюн өткөрүп, 5 гол жараткан.

2020-жылы өтө турган футбол боюнча Европа биринчилигинин тандоо турундагы оюнда Бельгиянын командасы финалдык оюндарга жолдомо алган.

Ошондой эле Бельгиянын командасы Эл аралык футбол федерациясынын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунда турат.