Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Бүгүн, 27-июлда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Төмөндө документтердин тизмеси келтирилген:
1. Евразия экономикалык биримдигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө. - Тапшырма.
2. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы №2 Тапшырмасын аткаруу боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө - Тапшырма
3. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы №4 Тапшырмасын аткаруу тууралуу - Тапшырма, Чечим.
4. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы №3 Тапшырмасын аткаруунун жүрүшү тууралуу - Тапшырма
5. Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин экспортерлоруна Россия Федерациясынын деңиз портторунун инфраструктураларынын кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жөнүндө - Тапшырма.
6. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 29-майындагы «Евро биримдик өлкөлөрүнөн чыккан жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылган гербициддерге карата антидемпингдик алымдарды киргизүү аркылуу антидемпингдик чараны колдонуу жөнүндө» №90 Чечимин жокко чыгаруу жөнүндө - Тапшырма.
7. Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоорунун үстүндө иштөөнүн жүрүшү тууралуу - Буйрук, Тапшырма.
8. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин «Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө» чечиминин долбоору жөнүндө - Тапшырма.
9. Авиациялык кырсыктарды жана олуттуу окуяларды тергөө боюнча орган түзүү иштеринин жүрүшү жөнүндө - Буйрук.
10. Чет мамлекеттер тарабынан мүчө-мамлекеттерге карата бир жактуу протекционисттик чараларды киргизүү шарттарында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жамааттык чараларын колдонуу жөнүндө - Тапшырма.
11. Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө - Тапшырма.
12. Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо мониторинги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету тууралуу - Буйрук.
13. 2017-жылдагы Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттерин бюджеттеринин ортосундагы ташып кирүү бажы алымдарынын суммасын эсептөө жана бөлүштүрүү жөнүндө- Буйрук.
14. Өндүрүштүн артыкчылыктуу тармактарында кооперация жана импортту алмаштырууда интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү жөнүндө - Буйрук.
15. Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Кеңештин мүчөлөрүнүн жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн талапкерлерин сунуштоо жөнүндө - Буйрук.
16. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана жери жөнүндө - Буйрук.
Эскерте кетсек, Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынында тар жана кеңейтилген түрдө ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчылары катышууда.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЕӨАК кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын октябрында Беларусь Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.