«Дордой Дыйкан» базарында 2 миң бөтөлкө контрафакттык алкоголь аныкталды

Укук тартиби

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы «Дордой Дыйкан» базарында контрафакттык алкоголду сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынтыгында күмөндүү акциздик маркалары бар 2 миң 172 бөтөлкө ликер арак ичимдиги тартып алынды.

Тартып алынган продукция боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.