Дордой базарында калкка акысыз медициналык кызмат көрсөтүлүүдө

Ден соолук

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Бишкектеги Дордой базарында калкка убактылуу акысыз медициналык кызмат көрсөткөн эки мобилдүү клиника иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, базардын жумушчулары менен базарга келгендер 19-июлга чейин бир катар ооруларга каршы текшерүүдөн өтө алышат.

Мобилдик клиникалар төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • жалпы практикалык врачтын жана акушер-гинекологдун консультациясы;
  • АИВке, В жана С вирустук гепатиттерине, сифилиске тестирлөө;
  • ички органдардын УЗИсине;
  • Гепатит В, С, сифилис, АИВ инфекциясынын алдын алуу боюнча санитардык-агартуу иштери;
  • ошондой эле вирустук гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп жатат.

Белгиленгендей, мобилдик клиникалар 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Көчмө клиникада дарыгерлер күнүнө 80ге жакын адамды кабыл ала алат. Дордой базарындагы иштер аяктагандан кийин мобилдик клиникалар бекитилген график боюнча Сокулук районунун Шопоков шаарына барат.