ДКО-2018: Кырчында кыргыз-казак акындары айтышты

ДКО 2018


Ысык-Көл, 05.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын капчыгайында уюштурулган маданий иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын салттуу төкмө акындарынын айтышы болду.

Сынактын калыстар тобунда КР артисти Күмөндөр Абылов бар.

Музыкалык аспаптын коштоосунда айтылган төкмө акындардын айтышы кыргыз-казак акындары арасында ар дайым өткөрүлүп турат.