Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Эми дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортко ээ болгон кыргызстандыктар Бахрейнге визасыз кире алат.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Бахрейн өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу 2024-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирди.
Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жана Бахрейндин жарандары – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотулат.