Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотту.
Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, соттун тиешелүү токтому бүгүн, 9-декабрда чыккан. Эки депутатка тең камакка алуу түрүндөгү мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, алар сот залынан бошотулду.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий