Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. “Мектеп окуучуларынын ичкен-жеген тамак-ашына тыкыр көзөмөл кылуу керек. Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында айтып чыкты.
“Балдарыбыздын жеген-ичкен тамак-ашына кайдыгер карагандайбыз”, -деген депутат Жылдыз Мусабекова мектеп окуучуларынын жылуу тамагы үчүн азык-түлүктөр боюнча өткөрүлгөн тендерлер мыйзам бузуулар менен өтүп жаткандыгын айтты.
Ошону менен катар балдардын тамак-ашына деп алынган азык-түлүктөрдүн сапатында дагы маселе бар экенин кошумчалады. Мындан сырткары, депутат бир эле районун түрдүү мектептеринде окуу китептери ар кандай баада экендигин билдирип, окуу китептеринин баасын бирдейлештирүү зарылдыгын белгиледи.