• 87.02
  • 95.29
  • 1.05

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин уюштурулуп турат.

"Жарманкени уюштуруунун максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.

Пикир

Оставить комментарий